7-апрелде кыргыз эли бийликтин ээси экенин даңазалады. Жапаровдун кайрылуусу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
2010-жылдагы Апрель окуясы 123 адамдын өмүрүн алган. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы кайрылуусунда 7-апрелде Кыргызстан калкы өзүн бийликтин чыныгы ээси экенин бүт дүйнөгө даңазалаганын белгилеген.
"Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуя катарында калды. Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келе жаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду. Анда элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык. Арадан канча мезгил ɵтсɵ да шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет. Элдик революциянын дагы бир сабагы — мамлекеттик бийликти күч колдонуп кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө", — деп жазылат президенттин кайрылуусунда.
Жапаров Апрель элдик революциясында курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, мамлекетте тынчтык, бакубатчылык болушуна тилектеш экенин белгилеген.
7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. 2010-жылдагы Апрель окуясы 123 адамдын өмүрүн алган. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0