Эми Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт. Тизмеси

© Sputnik / Руслан КривобокДокумент толтуруп жаткан адам. Архив
Документ толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Бул иш президенттин калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча жарлыгынын негизинде ишке ашып жатат.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтерди кагаз түрүндө талап кылуу жол-жобосу жоюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттардын жана документтердин тизмеси:
1. Салык төлөөчүнүн салыктык карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;
3. Салык каттоосу жөнүндө маалым кат;
4. Пенсия алуу фактысы жөнүндө маалым кат;
5. Камсыздандырылган жактын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө;
6. Ишкерлик иш жөнүндө маалым кат;
7. Кыймылдуу мүлкү бар экендиги жөнүндө маалымат;
8. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөн маалымат;
9. Даректик маалым кат;
10. Бодо малдын бар экендиги жөнүндө маалымат;
11. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/таандык эместиги жөнүндө маалым кат;
12. Кыймылсыз мүлкү жоктугу жөнүндө маалым кат;
13. Товардык белгилер боюнча маалымат;
14. Кыргызстандын аймагында соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат (толук эмес маалым кат);
15. Аскер кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу социалдык кепилдиктерди пайдаланган, башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымат;
16. Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
17. Наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;
18. Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
19. Никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
20. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат;
21. Никеден ажыратуу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;
22. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу жөнүндө маалым кат;
23. Патенттин көчүрмөсү;
24. Иштеген жеринен маалым кат;
25. Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалым кат;
26. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты (майыптыгы жөнүндө күбөлүк);
27. Жумушка жарамсыздыгы жөнүндө барак (эмгекке жарамсыздык барагы);
28. Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалым кат;
29. Күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалым кат (Улуу Ата Мекендик согуш);
30. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалым кат;
31. Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
32. Медициналык ишке лицензия;
33. Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалым кат;
34. Бошотулгандыгы жөнүндө маалым каттын дубликаты;
35. Диний уюмду эсепке алууну каттоо жөнүндө күбөлүк;
36. Кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
37. Кыймылдуу мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;
38. Улуттук паспорттор жөнүндө маалымат;
39. Аталыгын аныктоо жөнүндө маалымат;
40. Жубайы, балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат;
41. ФАА алмаштыруу жөнүндө маалым кат;
42. Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат.
Белгилей кетсек, ушул тизмектин 8, 19, 20, 21, 39, 40, 41 жана 42-пунктуларында көрсөтүлгөн жарандык абалдын актылары жөнүндө маалым кат же документтерди кагаз түрүндө суроону жоюу 2015-жылга чейин катталган жарандык абалдын актыларына жайылтылбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0