06:07 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2711)
125 0 0

Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес экени айтылууда. Мындан улам мэрия 55 жаштан өткөн жарандарга үйдө болууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

"Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген (55 жаштан жогоркулар) жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот", — деди Чыныбаева.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес. Бир сутка ичинде шаарда COVID жуктуруп алган 77 учур катталды. Ушу тапта Бишкек шаары кызыл зонага кирди.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2711)

Тема боюнча

Кыргыз бийлиги COVID менен күрөшүүгө 2,4 млрд. сом камдап жатат
Россиядан сатып алчу "Спутник V" вакцинасы канча кишиге жетери айтылды
Белгилер:
коронавирус, пандемия, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ