Зарнадан арылуунун жолдорун дарыгер айтып берди

© Фото / Pixabay/ nastya_geppАшказанын кармап турган аял. Архив
Ашказанын кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Адис ашказанды кыжылдатып, адамды кыжаалат кылган бул илдеттен кутулуу үчүн белди бекем бууп же корсет кийип жүргөндү токтотуу керектигин эскертти.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Адамды беймаза кылган зарнадан арылуунун жолдорунун бири — жатканда баш жакты бийигирээк кылып уктоо зарыл. Бул тууралуу гастроэнтеролог-гепатолог дарыгер Ольга Аришеванын айтканына таянып РИА Новости жазды. 
"Зыяндуу адаттардан арылуу жана башты бийигирээк кылып жатуу зарнадан арылууга көмөкчү болот. Чылым чегип жүргөндөр аны таштоого жана ашыкча салмактан арылууга туура келет", — деген Москва шаарындагы Виноградов атындагы клиникалык оорукананын гастроэнтеролог-гепатолог дарыгери Аришева.
Адис, мындан сырткары, ашказанды кыжылдатып, адамды беймаза кылган бул илдеттен кутулуу үчүн белди бекем бууп алып же корсет кийип жүргөндү токтотуу керектигин да эскерткен.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0