Белгилүү офтальмолог көз жумду. Ал COVID жуктуруп алган

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчисинин айтымында, ал бир айдан бери стационарда дарыланып жаткан. Бүгүн кечинде өмүрү менен кош айтышты.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, дарыгер коронавирус диагнозу менен бир ай мурда ооруканага түшкөн.
"Өпкөсү жабыркаган, бирок акырындык менен калыбына келип жаткан эле. Эки-үч күндөн кийин чыгарабыз деп ойлогом. Тилекке каршы, оору кайрадан козголуп кетти”, — деди Аалиев.
Михаил Медведев 1957-жылы туулган, 40 жылдан ашуун өмүрүн офтальмология тармагына арнаган. Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган. Даңк төш белгиси менен сыйланган.
Улуттук госпиталдын №2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүн жетектеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0