COVID-19га каршы вакцина алмак болгон Мариповду медиктер токтотуп коюшту. Себеби

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Буга чейин президент Садыр Жапаровго дагы коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экени айтылган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов башкаларга үлгү болуп, коронавируска каршы вакцина алууну каалаган. Бирок аны дарыгерлер токтотуп койгонун Sputnik агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Мариповдо жогорку деңгээлдеги (4,5-5 көрсөткүчтөгү) антитело бар экени аныкталган.
"Өкмөт башчы жайында ооруган. Андыктан азыр вакцина алуунун зарылдыгы жок. Ал башкаларга үлгү болгусу келген, бирок дарыгерлер токтотуп койду", — деди министр.
Буга чейин президент Садыр Жапаровго дагы коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок экени айтылган. Бейшеналиевдин айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0