Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн 215 млн. сом даярдады

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүРоссиялык вакцина Спутник V менен контейнерлер. Архив
Россиялык вакцина Спутник V менен контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Кытайдын 75 миң дозалык Sinopharm вакцинасы медиктер менен социалдык кызматкерлердин айрымдарына жетиши мүмкүн.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргыз бийлиги Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн 215 миллион бөлгөнү жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда токтом долбоору даярдалып, Финансы министрлиги каражат бөлүү процессин жөнгө салууда.
Бейшеналиев ушул тапта россиялык кесиптеши Михаил Мурашко менен сүйлөшүп жатканын кошумчалады.
"Өндүрүүчү заводдо кезек күтүүгө туура келет. Негизи сатып алчу вакцина Россия Кыргызстанга жардам катары берүүнү убада кылган 500 миң дозага караганда тезирээк келет. Биз аз эле доза менен эмдөөнү баштадык. Бирок учурда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп келе жатат. Сүйлөшүүлөргө жараша "Спутник V" вакцинасынын бир ампуласы 7-10 доллардын тегерегинде болот", — деди ал.
Министр берген маалыматка караганда, Кытайдын 75 миң дозалык Sinopharm вакцинасы медиктер менен социалдык кызматкерлердин айрымдарына жетиши мүмкүн.
Ал эми сатып алынган россиялык вакцинаны акысыз 65 жаштан өткөндөр, өнөкөт оорусу барлар жана каалоочулар алса болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0