Бишкекте "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү өтөт. Окуу жайлардын тизмеси

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Россиядан билим алуу" көргөзмөсү. Архив
Россиядан билим алуу көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Бишкекте жана Чүй облусунун шаарларында абитуриенттер менен жолугушуу болот. Аларга Россиядагы окуу жайлар боюнча маалымат берилет.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 8-10-апрель аралыгында Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жыл сайын өтүүчү "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги Илим жана маданият борборунан билдиришти.
Иш-чара эртең мененки саат 10:00дөн кечки 17:00гө чейин болот. Кирүү акысыз.
Көргөзмөнү "Москва классиктери" коомдук фонду Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын колдоосу менен уюштурууда.
"Бишкекте, Токмокто, Кантта, Шопоковдо жана Кара-Балтада абитуриенттер менен жолугушуу болот. Анда билим берүү программалары, предметтик тестирлөөлөр боюнча презентация уюштурулуп, жогорку билим алуу боюнча консультация берилет", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөгө катыша турган окуу жайлардын тизмеси:
  • Д. Ф. Устинов атындагы балтиялык мамлекеттик техникалык "Военмех" университети;
  • Грозный мамлекеттик мунай техникалык университети;
  • Ыраакы Чыгыш федералдык университети (Владивосток);
  • Казань федералдык университети;
  • Амурдагы комсомол мамлекеттик университети;
  • Марий мамлекеттик университети (Йошкар-Ола);
  • МИРЭА — россиялык технологиялык университет (Москва);
  • Москва автомобилдик-жол мамлекеттик техникалык университети;
  • Москва мамлекеттик тамак-аш өндүрүш университети;
  • Москва политехникалык университети;
  • Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университети;
  • Поволжье мамлекеттик техникалык университети (Йошкар-Ола);
  • Оренбург мамлекеттик университети;
  • Сибирь Илим жана технология мамлекеттик университети (Красноярск);
  • А. К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университети (Якутск);
  • Тольятти мамлекеттик университети;
  • Тынч океан мамлекеттик университети (Хабаровск);
  • Тюмень мамлекеттик университети;
  • Тюмень индустриалдык университети;
  • Урал мамлекеттик экономикалык университети (Екатеринбург);
  • Чита мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Түштүк-батыш мамлекеттик университети (Курск).
Жаңылыктар түрмөгү
0