Эртең Бишкектин 44 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

© AFP / MARTIN BERNETTIЭлектр вилкалары. Архив
Электр вилкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Электр энергиясы бир нече конуштарда жана борбор калаанын негизги көчөлөрүндө өчүрүлөрү кабарланды.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 44 көчөсүндө электр кубаты өчүрүлө тургандыгын "Түндүк электр" ишканасы эскертти.
Бул күнү бригадалар электр кабелдерин тартып, трансформатор жабдууларынын бузулган жерлерин оңдоп-түзөп, электр зымдардын түркүктөрүн орнотуп, өсүп кеткен бутактарды кырка турганы маалымдалды.
  • 08:00дөн 17:00гө чейин — Достук кичи районундагы (Профсоюз, Кайназаров, Кубаныч, Волков, Патрис Лумумба көчөлөрүндө жана Темиров туюк көч.) өчүрүлөт;
  • 09:00-17:00 — Малдыбаев, Токтоналиев, Брест, Владимир көчөлөрүнүн тилкелеринде, андан сырткары, Маевка айылындагы Махатма Ганди көчөсү;
  • 09:00-18:00 — Фрунзе, Абдумомунов, Акиев, Рыскулов көчөлөрү, Жаш гвардия проспекти жана Арча-Бешик конушунда (Күйүкова, Чортеков, Садырбаев, 19-линия көч.) Ала-Арча (Торгой, Матисаков, Масыралиев көч.), Ак-Босого (Чүй пр. №56, 57, 58, 59 үйлөр) жана Мурас-Ордо конушунда;
  • 09:30-17:00 — Ак-Бата, Келечек жана Красный строитель аймактарында;
  • 09:30-18:30 — Дордой-2 конушунда (Фере, Маяковский көч.);
  • 09:30-19:00 — №5 кичи райондо (№10, 16, 16/1 үйлөр), Огонбаев көч. бөлүгүндө (№222 үй);
  • 10:00-18:00 — Широкая, Элебесов көч., Дорожный туюк көчөсү жана Арча-Бешик конушунда (Камбар-Ата, Эр Тайлак, Актан көч.);
  • 13:00-17:00 — Кудрук, Манас, профессор Зима, Баялинов, Шорин, Осипенко көчөлөрүндө, Долон жана Жети-Өгүз туюк көчөсүндө өчүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0