Бишкек менен Чүйдө COVID болгондор үчүн кошумча орундар даярдалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Акыркы учурда коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарында катталууда. Мисалы, өткөн суткада оору аныкталган 139 кишинин 123ү ордо калаадан болуп чыкты.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Эртеңден тарта коронавируска кабылган жарандарга өз учурунда жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаары менен Чүй облусундагы ооруканаларда кошумча орундар пайда болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Бишкектеги Улуттук госпиталда 110 орун даярдалды, анын ичинен 10у интенсивдүү терапия менен дарылоого багытталат. Чүй облустук бириктирилген ооруканасында коронавируска кабылгандар үчүн 55 керебет коюлат (анын ичинен бешөө интенсивдик терапия үчүн)", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, акыркы учурда коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарында катталууда. Мисалы, өткөн суткада оору аныкталган 139 кишинин 123ү ордо калаадан болуп чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0