Мурда COVID менен ооругандар вакцина алса болобу? Министрликтин жообу

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүВакцина даярдап жаткан медицина кызматкери. Архив
Вакцина даярдап жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинен коронавирустун экинчи ирет жугуп калуусу туурасында эске салып, ооругандар ала турган эмдөө боюнча түшүндүрмө беришти.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус менен ооруган адам эмдөөдөн өтпөй койсо болот деген имиш боюнча комментарий кылды.
Маалымат кызматынан аталган инфекция менен ооруп айыккандан кийин табигый иммунитет канчага чейин сакталары белгисиз экендигин айтышты.
"Бельгия, Япония, Кытай сыяктуу бир нече мамлекетте коронавирус менен экинчи ирет ооруп калган учурлар кездешкен. COVID-19ду жугузуп айыксаңыз да, баары бир вакцина сизге пайдасын гана тийгизет", — деп айтылат министрликтин Facebook баракчасындагы маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстанда 29-марттан тарта кытай өндүрүшүнөн чыккан SinoРharm вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. 4-апрелдеги маалыматтарга таянсак, жалпы жонунан 511 киши вакцина алды. Алар Бишкек шаары менен Чүй жана Ош облусунда жашап иштеп жаткан 65 жаш курактан өйдөкүлөр, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер.
Жаңылыктар түрмөгү
0