Кайгуул милициясы 47 вакансияга сынак жарыялады. Шарт-талабы

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Айрым кызмат орундарына ички иштер органдарында тажрыйбасы болуу керек деген талап коюлганы белгиленет.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкектин милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгына бош орундар үчүн сынак жарыяланды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта улук, орто жана кенже жетектөөчү курамга 47 вакансия бар экени айтылат. Айрым кызмат орундарына ички иштер органдарында тажрыйбасы болуу керек деген талап коюлганы белгиленет. Мисалы, бөлүм башчылыкка 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Сынактын талаптары менен кененирээк ИИМдин сайтынан тааныша аласыздар.
Улук жана орто жетектөөчү курамдагы бош орундар:
  • Укук колдонуу практика бөлүмүнүн начальниги – 1;
  • Издөө бөлүмүнүн улук инспектору – 1;
  • Уюштуруу – инспектордук бөлүмүнүн инспектору – 2;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 1-ротасынын командири – 1;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 5-ротасынын 1-туристтик взводунун улук инспектору – 3;
  • Полктун саптык бөлүгүнүн 5-ротасынын 2-туристтик взводунун улук инспектору – 2.
Кенже жетектөөчү курам:
  • Нөөмөт бөлүгүнө нөөмөткердин жардамчысы – 6;
  • Полктун СБ 1-ротасынын кенже инспектору – 4;
  • Полктун СБ 2-ротасынын кенже инспектору – 5;
  • Полктун СБ 3-ротасынын кенже инспектору – 6;
  • Полктун СБ 4-ротасынын кенже инспектору – 9;
  • Полктун СБ 5-ротасынын атчандар взводунун кенже инспектору – 7.
Кандай документтер талап кылынат:
  • талапкердин арызы;
  • паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмөсү);
  • никелешүү тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса) (көчүрмөсү);
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгер балдары бар болсо) (көчүрмөсү);
  • аскердик билет (айымдар үчүн милдеттүү эмес) көчүрмөсү жана түп нускасы;
  • тиешелүү билимин, квалификациясын жана атайын билимин тастыктоочу документ (нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн);
  • өмүр баян - 2 нуска (кол жазма түрүндө жана басылган);
  • өмүр баяндык реферат (кол жазма түрүндө жана басылган);
  • толтурулган анкета;
  • А-А1, В-В1, С-С1 категориялары менен айдоочулук күбөлүгү;
  • сүрөт 9×12 (1 даана), 3×4 (4 даана), (көгүш фондо, классикалык кийим менен);
  • иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө (мөөр басылган);
  • эмгек китепчеси;
Документтерди 30-апрелге чейин ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнө тапшыруу шарт. Дареги: Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 1а. Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 63-12-75 (кадрлар бөлүмү), 63-09-01 (нөөмөт бөлүмү).
Жаңылыктар түрмөгү
0