Бул жумада кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы майрам. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы майрам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жаз — кошумча эс алуу күндөрүнүн маалы. Барактай келгенде ар бир айда календарда жок дегенде бирден кызыл дата кездешет.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Апрель элдик ыңкылабына байланыштуу келе жаткан шаршемби, 7-апрель, кошумча эс алуу күнү катары белгиленет.
Өкмөт бир катар учурлардай кылып, бул ирет эс алуу күндөрүн майнаптуу колдонуу максатында катары менен коюп жылдырган жок. Эми биринин артынан бири келген кызыл даталар май айында болот. Кыргызстандыктар Конституция күнү, Жеңиш майрамы жана Орозо айттын эсебинен үч күн кошумча эс алат.
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөрдү атайын түзүлгөн жылнаамадан карап билип алсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0