COVID: соңку суткада 4 киши көз жумуп, 172 адам ооруду. Акыркы статистика

© AFP / AMANUEL SILESHIМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган адамдын мониторун текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган адамдын мониторун текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жаңы учурлар мурдагы күнгө караганда 30 кишиге арбын болду.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 172 киши COVID жуктурганы аныкталып, төрт адам көз жумуп, 87 бейтап айыгып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкекте үч, Чүй облусунда бир адам каза тапты. Стационарда 119 киши оор, 29 бейтап өтө оор абалда жатат", — деп айтылган маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандар:
  • Бишкек - 124;
  • Ош - 2;
  • Чүй облусу – 33;
  • Ош облусу - 1;
  • Талас облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 1.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 46;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3.
Акыркы сутка ичинде 2497 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.
Кыргызстан боюнча бүгүнкүгө чейин коронавирус менен 89 014 адам ооруп, алардын ичинен 85 164 бейтап айыгып кеткен.
Учурда амбулатордук дарыланууда 768 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0