Цукербергдин жеке маалыматтары жайылып кеткенин Twitter колдонуучуларынын бири байкап, скриншотун өзүнүн аккаунтуна жарыялаган.
Окуя Гомель шаарында менчик үйдө курулуш иштери жүрүп жаткан учурда болгон.
5-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарга жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Бүгүн Бишкекте Bakai Bank Jaz Demi жарышы өттү. Көптөн күттүргөн спорттук иш-чаранын мыкты ирмемдерин сунуштайбыз.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Муниципалитет элди этият болууга чакырууда.
Кыргызстандык Казбек Мияров Дубайдын чөлүндө жөө күлүктөрдүн ультрамарафонуна катышып, 50 чакырымга чуркаган.
ХIХ кылымдагы улуу манасчылардын сап башындагы Тыныбек Жапый уулунун манас айтуучулук чеберчилиги жогорку деңгээлде болгон. Анын улуу өнөрдө өзүнчө манас мектебин түзүүчүлөрдүн бири болгондугун айтышат.
Жапаров көчүрүп келүү пландалып жаткан афгандык кыргыздар үчүн турак жай куруунун долбоору менен таанышып, жер тилкелерин тезинен трансформациялоо керектигин айткан.
Издөө иштери эки күндөн бери натыйжа бере элек. Өспүрүмдү издөөгө бүгүн ӨКМдин 30 куткаруучусу, ИИМдин он кызматкери жана жергиликтүү тургундар чыккан.
Ушул тапта мамлекеттик бюджеттен каржыланган 53 органда 44 099 жетекчи бар. Алардын арасынан 5 308 орун кыскартылып, 1-майга чейин 38 791 гана жетекчи калышы керек.
Бегимгүл Жолдошбекова үйүнүн короосуна кафель менен мозаика сүрөтүн тартып элдин көңүлүн бурду. Анын эмгегинен кыргыз элинин баалуулуктарын көрүүгө болот. Мунун арты менен ага буюртма бергендердин саны арбыган. Алардын бири борбор калаадагы китепкана болду.
Египеттин борбору Каирде өздөрү атагандай "фараондордун алтын парады өттү". Качандыр бир кезде падыша болгон, өлгөндөн соң бальзамдалган 22 сөөктү Египеттеги улуттук музейден алып чыгып жаңы жайга чоң салтанат менен ташып жеткиришти.
Тарыхчы, топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Каракол шаарына дарыянын аталышы ыйгарылганын айтты.
Оорукананын дарыгерлери ит баланын тизесинен ылдый бир нече жеринен тиштеп алганын айтышты. Окуя 1-апрелде болгон.
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров жубайлар никеден кийин тапкан мүлк ортодогу менчик болуп эсептелерин айтты.
Жаңы жетекчи ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, кийин начальниги болуп иштеп келе жаткан. Ал 53 жашта.
Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жаңы учурлар мурдагы күнгө караганда 30 кишиге арбын болду.
Апта сайын Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү автоунаалардын базар баасы тууралуу маалыматтарды чыгарат. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрелине чейин седан кузовундагы автоунаалардын баасы канчалык өзгөргөнүн аныктап көрдүк.
Биринчилерден болуп кооптуулук коңгуроосун Австрия каккан. Алар эмделген адамда тромбоз пайда болуп 10 күндөн кийин каза болгонун билдирген.
Социалдык желеде миллиондогон катталуучунун толук аты-жөнү, баскан-турган жери, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүргөнү айтылды.