"Алайдын" футболчулары Бишкекке оюнга келе жатып жолдо калды. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө ашуу. Архив
Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Instagram баракчадагы билдирүүдө команда кичи автобус менен Ош шаарынан 1-апрелде чыгып, 2-апрель күнү түнкүсүн Бишкекке жеткени айтылат.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өлкөнүн премьер-лигасында ойногон "Алай" футбол клубу кезектеги беттештерге келе жатып Ош – Бишкек жолунда түйшүккө кабылды. Футболчулардын тайгак ашууда тыгында калган кичи автобусту түртүп жаткан видеосу Instagram тармагына чыкты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ФК АЛАЙ | FC ALAY 🇰🇬💛🖤 (@fc_alay_osh_news)

Баракчадагы билдирүүдө футболдук команда кичи автобус менен Ош шаарынан 1-апрелде чыгып, 2-апрель күнү түнкүсүн Бишкекке жеткени айтылат. Мындан сырткары, профессионал оюнчуларынын коопсуздугуна коркунуч жаралганы белгиленген.
Бүгүн, 3-апрелде, оштук команда чемпионаттын төртүнчү турунун алкагында Кант шаарынын "Спорт Сити" стадионунда "Кара-Балта" клубу менен беттешет. Оюн саат 16:30да башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0