Бишкекте COVID жуктургандар үчүн 111 орун бар. Ооруканалардын тизмеси

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын басымдуу бөлүгүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы дарылоодо. Ал жакта азыр 93 бош орун бар экени айтылды.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 111 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн саат 8:00гө карата алынган:
  • Улуттук хирургия борборунда — 5;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 93;
  • №2 клиникалык төрөт үйүндө — 13.
Кошумча маалыматты стационарлардын картасынан тактоого болот.
Өткөн суткада Кыргызстанда 142 киши жуктуруп, 98 адам сакайып чыкты. Тилекке каршы, Бишкекте эки бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0