Жапаров бүгүн Баткендеги аскерлердин машыгуусун көрүп, эртең Алайга барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы ишемби жана жекшемби күнкү сапарында аскердик машыгууларга байкоо салып, андан соң Алайга барат.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткенде өтүп жаткан "Коопсуздук — 2021" жана "Түштүктү калыптоо — 2021" аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгары айтылды.
Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчы Ош облусунун Алай районуна барат.
Жаңылыктар түрмөгү
0