Ысык-Көлдө боло турчу ири марафонго ыктыярчылар керек. Талаптар

© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk road Ысык-Көлдөгү марафон. Архив
Run the Silk road Ысык-Көлдөгү марафон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Шанхай кызматташтык уюмунун мелдеши майдын ортосунда өтөт, ыктыярчылар билдирүүнү 5-апрелге чейин жөнөтүүсү керек.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 15-майда өтө турчу эл аралык марафонго ыктыярчылар керек. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) марафонунда ыктыярчылар төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:
  • катышуучуларды жайгаштыруу жана тамактандыруу;
  • транспорттук логистика;
  • демөөрчүлөр менен иштөө;
  • ЖМК менен иштөө;
  • медициналык коштоо;
  • калыстар менен иштөө;
  • катышуучулардын атташеси (котормочулар);
  • күйөрмандар үчүн кызматтар;
  • VIP-конокторду коштоо.
Ыктыярчылар кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин билген, 18 жаштан өйдө КР жарандары болушу керек.
Билдирүүлөрдү marafonm4@gmail.com электрондук дарегине 5-апрель күнү саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек. Аны менен бирге талапкерлердин өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн жана "Марафонду өткөрүүдөгү менин ролум" темасына мотивациялык кат жиберүү зарыл.
Кошумча суроолор боюнча 0312 32-52-18 телефону аркылуу байланышса болот. Ыктыярчылар билдирүүнү шилтемедеги үлгү сыяктуу толтурушу керек.
Run the Silk Road марафондун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2021
Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди
2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.
Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон 42,19 чакырым, жарым марафон 21,97 чакырым, 10 чакырым жана 3 чакырым. Ал эми кийинки түрү скандинавиялык басуу үч чакырымдык аралык болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0