Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
3-апрелге караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Талас жергесинде +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +3…+8 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0