13:39 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Коом
Кыскача шилтеме алуу
63220

Эркин Асрандиев мурун-кийин мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалагандардын арасынан сергек жашоо образын карманган саналуу адамдардын бири.

Каарманыбыз спорттун бир нече түрү менен машыгып, атургай Ысык-Көлдү сүзүп өткөн жайы бар. Жакында эле социалдык тармактагы баракчасына Ала-Арча капчыгайында суукка карабай футболкасыз чуркап жүргөн видеосун жарыялады.

Бүгүн ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына спортко болгон сүйүүсү, бул жааттагы жетишкендиктери тууралуу маек куруп берди. 

— Эркин мырза, канча жашыңыздан баштап спорт менен активдүү алектене баштадыңыз?

— 5-6-класстардан баштап, алгач эки жыл бокска барып жүрдүм. Бирок бир нече ирет мелдештерге катышкандан кийин медициналык кароодон өтпөй калдым. Көзүм ошол учурда эле начарыраак көрчү, андыктан доктурлар рингге чыгууга уруксат бербей койгон.

Ошол бойдон аны таштап, чоң класс болуп калганда дзюдого бара баштадым. Аны университетте дагы улантып, кийин жумушка кирип, үй-бүлөлүү болгондо спорттон оолактап кеттим. Кайрадан туруктуу машыга баштаганыма 12-13 жылдай болуп калды.

Председатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Асрандиев: 5-6-класстардан баштап, алгач эки жыл бокска барып жүрдүм. Бирок бир нече ирет мелдештерге катышкандан кийин медициналык кароодон өтпөй калдым

— Азыр чуркарыңызды, сууда сүзөрүңүздү билебиз. Спорттун дагы кайсы түрүн жактырасыз?

— Боксту ушул убакка чейин жакшы көрөм. 2009-жылы кайрадан киришкенде бокстан баштап бир тууган агам машыктыруучу болуп иштеген залда машыгып жүрдүм. Советтер Союзу учурунда цикл менен айландырып машыгуу деп койчу, азыр кроссфит дешет. Мында сууда сүзүү, чуркоо жана темир-тезек көтөрүү, түртүү менен алектенесиң. Спорттун бул түрү менен дагы машыктым. Кийин туура эмес аракеттерди кылып койдумбу, айтор, муундарым ооруй баштады. Ошондон тарта бассейнге гана бара баштадым. Негизи сууда сүзгөндү мурда өздөштүргөм. Бирок айла жоктон байссейнге кайтууга туура келди. Сүзүү учурунда гана денем оорубай, өзүмдү жакшы сезип жаттым.

— Ысык-Көлдү сүзүп өтүү идеясы качан пайда болду эле?

— Бассейнге бара баштаганда атайын машыктыруучудан сабак алууну чечтим. Мурда өз алдымча сүзүп жүрсөм, эми туура сүзүү техникасын өздөштүргүм келди.

Бир жолу жаңылыктарды карап отуруп, АКШнын элчилигинин кызматкери жана Кыргызстанда ыктыярчы болуп жүргөн америкалык кыз көлдүн Тору-Айгыр деген жеринен сүзүп өткөнүн көрүп калдым. Иликтеп көрсөм ал жерден, расмий маалыматтар боюнча, кыргызстандыктардан эч ким өтө элек экен. Менде дароо идея пайда болуп, машыктыруучума айттым. Ал киши 15 чакырымды сүзүп өтө аларыма ишенип, 2016-жылдын аягында катуу даярдык башталды. 2017-жылдын август айында бул тилегим ишке ашты.

Член правления Российско-Кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев
© Фото / пресс-служба РКФР
Асрандиев: боксту ушул убакка чейин жакшы көрөм. 2009-жылы кайрадан киришкенде бокстан баштап бир тууган агам машыктыруучу болуп иштеген залда машыгып жүрдүм

— Ошондо сиз Ысык-Көлдү түндүк жээктеги Кара-Талаа айылынан түштүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн алгачкы кыргызстандык болуп калдыңызбы?

— Ысык-Көлдө узак аралыкка сүзгөн Ахмед Анарбаев деген атактуу спортчу бар. Ал киши Олимпиадага катышкан эл аралык деңгээлдеги спорт чебери. 1984-жылы көлдүн эң жазы жеринен өтүүгө аракет кылган. Мен алгач ал кишиге барып консультация алгам. Ахмед Анарбаев 70 жаштан өтүп калды, дагы деле жайкысын дайыма көлдө жүрөт. Агай үчүн мен сүзүп өткөн аралык кеп деле эмес. Күн сайын эртең менен бир нече чакырымды жөн гана сейилдөөгө чыккансып сүзүп коёт экен.

Ал эми Тору-Айгырдан кыргызстандыктар арасынан мен биринчи өттүм болушум керек деп ойлоп жүрөм.

— 2019-жылы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп бара жатып коштоп жүрүүчүлөрдөн адашып калганыңыз эсибизде. Ошол окуядан кийин Көлдү сүзүп өттүңүзбү?

— Жок. 2020-жылы өкмөттө иштеп калып убакыт болгон жок. Буюрса, быйыл өтөм деп машыга баштадым.

— Ошол окуяны дагы бир ирет эске салсаңыз?

— Чырпыктыдан Кара-Талаа деген айылга чейин 25 чакырымды өтмөкмүн. Мени бири моторлуу, экинчиси калак менен жүргөн эки кайык коштоп бара жаткан. Саат 17.00дөн өтүп калганда моторлуу кайыкты кошумча суусундук алып келсин деп жээкке жөнөттүк. Ошол маалда  тез эле шамал башталып, толкундар көтөрүлүп кетти. Калак менен жүргөн кайыкты шамал башка тарапка айдап жөнөдү. 

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Эркин Асрандиев в ходе онлайн-встречи с заместителем Председателя Правительства Российской Федерации Андреем Оверчуком. 11 мая 2020 года
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Асрандиев: эң оңой жана жеткиликтүү спорт — бул чуркоо. Каалаган жерде чуркай берсе болот, болгону жакшы бут кийим керек

— Сууда канча саат болдуңуз?

— Жалпы 17 саат, анын ичинен жети саатын жалгыз жүрдүм.

— Убакыт өткөн сайын коркунуч күч алса керек?

— Албетте корктум. Күн 19.45терде батты. Ага чейин жээктегилер маршрутту билгендиктен, издеп келип таап алат деп түз эле сүзүп бара жаттым. Күн баткандан кийин өзүмө гана ишене баштадым.

— Жаныңызда эрмек болчу бир нерсе бар беле?

— Белимде кичинекей буек бар болчу, бирок саат тогуздарда аны толкун жулуп кетти. Негизи эле мен сууга чөкпөйт болчумун, гидрокостюмум чөгөрбөй турган материалдан эле. Бирок денемди бош таштап же эсимди жоготуп койсом көмкөрөмдөн түшүп калмакмын. Андан тышкары, суунун температурасы менен алым кетип калса эмне болот деген суроолор бушайман кылып жатты. Суунун температурасы 19-20 градус болчу. Ага чейин коштоочу кайыктарда термосто кумшекер кошулган ысык суу бар эле, жарым саат сайын андан ичип, жылуулук дагы, энергия дагы алып жаткам.

Мурда дененин табы 36 градус, суунуку 20 градус болсо, дененики сууга теңелгиче түшө берет деп уккам. Бирок кишинин дене табы 27 градуска жеткенде эле өлүп калат экен.

Мен 2-3 сааттан кийин жылбай калам го дедим эле, бирок жашагың келгенде кайдан-жайдан күч табылат экен.

Бывший вице-премьер министр Эркин Асрандиев
© Фото / предоставлено Эркином Асрандиевым
Асрандиев: бассейнге бара баштаганда атайын машыктыруучудан сабак алууну чечтим. Мурда өз алдымча сүзүп жүрсөм, эми туура сүзүү техникасын өздөштүргүм келди

— Күн батып кеткенден кийин суунун үстүнөн кантип ориентир алып жаттыңыз?

— Күн Боом жактан батты да. А мен алдыдагы тоолордогу бир чокуну тандап алып, ошону көздөп бараттым. Караңгы кирип кеткенде ошол чокунун үстүнөн чолпон жылдызы чыкты, кийин ошону карай баштадым. Ал эми жээкке жакындаганда жарыктар көрүнө баштады.

— Жээкке чыкканда алыңыз калбай калса керек? 

— Басып кете алчу алым бар болчу, анын үстүнө трассага 700-800 метр эле экен, машиналардын жарыгы көрүнүп турду. Түз эле чыгып барайын дегем, бирок түштүк жээк саз, тикенектүү эмеспи. Жылаңайлак болгон үчүн баса албай койдум. Андыктан жээк менен басып бара жаттым. Бир маалда алыстан жарык көрүндү. Аны үй же пансионат болсо керек деп ойлогом. Көрсө ал мени издеп жаткан куткаруучулар күйгүзүп койгон жарык экен. Ага 200 метрдей калганда куткаруучулардын кайыгы жээкке жакындап келип, мени таап алышты.

 Пропавшего на озере Иссык-Куль главу Российско-Кыргызского фонда развития Эркина Асрандиева нашли живым
© Фото / предоставлено пресс-службой РКФР
Эркин Асрандиев: бир маалда алыстан жарык көрүндү. Аны үй же пансионат болсо керек деп ойлогом. Көрсө ал мени издеп жаткан куткаруучулар күйгүзүп койгон жарык экен. Ага 200 метрдей калганда куткаруучулардын кайыгы жээкке жакындап келип, мени таап алышты

— Ооруп калган жоксузбу?

— Жок, текшеришип, баары жакшы деп айтышты. Болгону эртеси күнү бир аз дене табым көтөрүлүп барып, бат эле жакшы болуп кеттим.

— Көлдүн ошол эле жеринен балдарыңыз дагы сүзүп өтсө керек эле?

— Ооба, 2018-жылы улуу кызым менен уулум эстафета ыкмасы менен экөө бир сааттан кезектешип өтүшкөн. Чынын айтыш керек, алар дароо эле "ата, сен өттүң, биз да өтөбүз" деп чыгышкан жок. Азыркы жаштар жалкоороок келишет. Мен артынан түртмөлөп турушум керек. Тим койсоң таштап койчудай.

— Кантип көндүрдүңүз аларды?

— Жылдын башында өздөрү "ата, Кыргызстандан тышкары бир жакка барып келбейлиби, элдин балдары чыгып жүрүшпөйбү" деп калышты.  Мен "макул, Москвага алып барып келейин, бирок силер Ысык-Көлдөн сүзүп өткүлө" деп шарт койдум.

— Жакшы стимул берген турбайсызбы. Негизи спорттон алыс, бирок эми гана алектенгиси келген адамдарга кандай сунуш бересиз? Жашы өтүп бара жаткан киши өзүнө жакын спорт түрүн кантип тапса болот?

— Эң оңой жана жеткиликтүү спорт — бул чуркоо. Каалаган жерде чуркай берсе болот, болгону жакшы бут кийим керек. Экинчиден, чуркоо адамга жаратылышынан жат нерсе эмес. Илгери техника жок кезде адамдар басып, чуркап эле жүргөн да. Адамдын организми, сөөктөрү эч бир каршылык көрсөтпөйт дегеним. Сууда сүзүү дагы жакшы. Өзгөчө 40-50дөн ашып калган адамдардын муундары ооруй баштайт эмеспи. Ал эми сууда сүзүү учурунда муундарга катуу күч келбейт, ошол эле учурда ар бир мүчө кыймылдайт. Кыскасы, мурда спорт менен алектенбеген адам  кол жеткен бардык түрүндө өзүн сынап көрө бериши керек. Акыры өзүнө жакыны табылат.

Бывший вице-премьер министр Эркин Асрандиев
© Фото / предоставлено Эркином Асрандиевым
Асрандиев: сындан алысмын. Бирок жакын тааныштарды, жоро-жолдошторду дайыма спортко үндөп турам. Мисалы, дем алыш сайын Ала-Арча капчыгайына барып чуркайбыз

— Жапжаш туруп курсагы чыгып кеткен жигиттер бар. Өзүн таштап койгон адамдарга кандай көз караштасыз? Жакындардын арасында андайлар болуп калса, кеңеш айтып же сындап койгон учуруңуз болобу?

— Сындан алысмын. Бирок жакын тааныштарды, жоро-жолдошторду дайыма спортко үндөп турам. Мисалы, дем алыш сайын Ала-Арча капчыгайына барып чуркайбыз. Чуркабасаңар дагы таза абада дем алып, басып келгиле деп айтам. Анткени салмагы чоң адамдарга чуркаганга болбойт. Чуркаш үчүн алгач салмакты таштоо керек. Ала-Арча деңиз деңгээлинен бийик. Андай жерде организм башкача иштей баштайт. Кээ бирөөлөр кошулат, кээ бирөөлөрүн жалкоолук жеңип кетет (жылмайып).

Сиз айткандай, 30га чыга элек жатып курсак байлап алган жигиттер көп. Бул жакшы көрүнүш эмес. Менимче, буга смартфондор себеп болуп жатат. Көпчүлүгү телефонго тигилип, бир нече саат кыймылсыз отура беришет.

— Ала-Арча деп калдыңыз, жакында эле сиз ал жакта суукка карабай, футболкасыз чуркап жүргөн видео жарыяладыңыз. Денени чыйралтуу менен дагы алектенет окшойсуз?

— Ооба, муздак суу куюнуп жүргөнүмө бир жылдай болуп калды. Бардыгын акырындан баштадым. Алгач буттун учун, тизеден ылдый, белден ылдый, анан бүт дегени дегендей. Суунун көлөмүн дагы бара-бара көбөйттүм. Айрымдар муздак сууну дароо куюнуп салганды туура көрүшөт экен. Мен ар бир киши өз ден соолугуна, организминин өзгөчөлүгүнө карап туруп иш кылышы керек деп ойлойм.

Футболкасыз чуркоону мен январь айында баштадым. Анда дагы бара-бара чечинүү керек. Биринчи жеңил кийинип алып чуркап, кийин ысый баштаганда чечсең, дене муздакты сезбей калат. Жарым саат чуркаган соң кайра кийинип аласың. Азыр көнүп калгандыктан, баштаганда эле чечинип алам. Баса, термоско кайнак суу ала барып, баштаарда бир чыны ичем, чуркап келгенден кийин бир чыны ичип коем, ичиң жылуу болушу керек.

— Ошол идеяңызды колдоп, чогуу чуркагандар болуп атабы?

— Жок, азыр эч ким футболкасыз чуркай элек.

— Көпчүлүк адамдар жумуштан спортко убакыт табылбасын айтып келишет...

— Негизи ден соолук үчүн аптасына үч ирет жок эле дегенде жарым сааттан убакыт тапса болот. Ден соолук чың болбосо, башка нерселер ишке ашпайт да.

Мен өкмөттө иштеп жүргөндө карантин болуп чындап эле убакыт болгон жок, кечке чейин иштеп жаттык. Кийин абал турукташканда кичине убакыт пайда боло баштады. Болбой калды дегенде жумуш бүткөн соң спорттук кийим кийип алып үйгө чейин чуркап барчумун.

— Туура тамактануу, диета дегендерге кандай карайсыз? Тамак тандайсызбы?

— Жашы өтүп калганда адамдар ашыкча салмагын таштай албай кыйналат эмеспи. Менимче, анын 60-70 пайызы тамактан. Канча машыксаң дагы кекиртекти бир аз тыймайынча арыктоо мүмкүн эмес.

Бардык эле тамактарды жей берсе болот, бирок аша тоюп албаш керек. Кээде тойдо отуруп байкасам, бир адам 1-2 күн жей турган тамакты бир отуруп жеп коебуз.

Вице-премьер Кыргызской Республики Эркин Асрандиев на пресс-конференции
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Асрандиев: 30га чыга элек жатып курсак байлап алган жигиттер көп. Бул жакшы көрүнүш эмес

— Учурда мектеп окуучуларына финансылык сабаттуулук боюнча лекцияларды окуп жаткан экенсиз. Бул кимдин демилгеси?

— Өзүмдүн балдарымдын теңтуштары менен чакан команда түзүп алганбыз. Маал-маалы менен кайрымдуулукка байланыштуу чакан иш-чараларды өткөрүп турабыз. 2018-жылы жарым-жартылай жетим же ата-энеси ата-энелик укугунан ажырап калган балдар окуган №71 мектепке барып, иш-чараларды өткөрүп, чакан белектерди берип, тааныш болуп калганбыз. Кийин ошол мектепке барып финансылык сабаттуулук боюнча лекция окуу сунушу түштү. Азырынча эки сабак өттүк. Эми 10-11-класстардын окуучулары үчүн өз жөндөмүн аныктоо боюнча сабак өтүү пландарыбыз бар. Мектепти бүтүп, кесип тандап, чоң жашоого аттанам деп турган жаштар үчүн пайдалуу болот деп ойлойм. Ушул темалар боюнча жаңы конуштардагы мектептерде окуган балдарга сабак өтсөк деген пландар бар. Анткени шаарда көбүнчө колунда бар адамдардын балдары окушат, аларда мүмкүнчүлүк бар. Ал эми жаңы конуштардагы балдарга жардам беришибиз керек.

— Мектеп программасына финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды киргизүүгө кандай пикирдесиз? Өзгөчө аймактарда кредиттин үстүнө кредит алып, кыйналган үй-бүлөлөр абдан көп. Бул деле финансылык сабатсыздыктын кесепети да.

—  Туура айтасыз. Жок эле дегенде бүтүрүүчү класстарга кыска болсо дагы мындай сабактарды киргизүү керек. Балдар бул куракта ата-энесине жардам берип, финансыга байланыштуу маселелерге аралаша баштайт эмеспи.

Чындап эле аймактарда финансылык сабаттуулук абдан эле төмөн. Адамга акчаны туура пайдаланууну жаш кезинен үйрөтүп, мектеп программасына киргизип койсок туура болмок.

Тема боюнча

Бир ажалдан калган. Вице-премьер болчу Эркин Асрандиев тууралуу 7 факт
Белгилер:
акча, ден соолук, спорт, маек, Эркин Асрандиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ