Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Мамлекет башчынын айтымында, Казакстандын өкмөтү транзитти жандантууга бүгүн макулдугун берди. Эми Россиядан жооп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алдым. Албетте, маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Мамлекет башчы Россияга барып иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандар үчүн бул маселе канчалык маанилүү экенин билип турганын белгилеген.
"Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалууда. Турак жайы жок жарандарыбызды үй менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз", — деди Жапаров.
Споттинг в аэропорту Симферополя - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Авиабилеттердин кымбаттаган себебин РФтин Монополияга каршы кызматы түшүндүрдү
Ал ошондой эле аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандантуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан да көз каранды экенин кошумчалаган.
"Казакстандын өкмөтү транзитти жандантууга бүгүн макулдугун берди. Эми Россиянын жообун күтөбүз. Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтүүгө кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле! Тескерисинче, көптөн бери Россиядан чартердик рейстерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес", — деди президент.
Жапаров көйгөйлөр коронавируска дагы байланыштуу болуп жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0