Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети оңдоодон кийин ачылды. Сүрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКапиталдык оңдоодон кийин "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети ачылды
Капиталдык оңдоодон кийин Ак-Жол көзөмөл-өткөрмө бекети ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды.
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты. Алар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды
© Sputnik / Жоомарт УраимовАчылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты
© Sputnik / Жоомарт УраимовАлар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти
Алар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти
1/3
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды
2/3
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты
3/3
Алар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти
Өткөрмө бекетин оңдоо иштери былтыр март айында башталган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 305 миллион сом сарпталганы белгилүү болду. Анын ичинен курулуш-монтаждоо иштерине 225 миллион, техникалык жабдууларга жана эмеректерге 80 миллион сом коротулган.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов чек ара пунктунун оңдолушу кирип-чыккан жарандарга жана Кыргызстанга келген конокторго ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. Аны менен катар тейлөө сапаты жакшыртылып, өткөрүүнүн ылдамдыгы үч эсе жогорулатылганын айтты.
Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан Кайтпас жана Өтүкчү өткөрүү пунктуларынын иши жанданды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" пунктуларынын иши жанданды
Буга чейин "Ак-Жол" чек ара бекети күнүнө 10 миң адам өткөрүүгө ылайыкталса, мындан ары 35 миң адамды тейлөөгө шарт түзүлдү. Ал эми суткасына 1 500 автоунаа текшерилип келсе, алардын саны 5000ге чейин көбөйдү.
Айдоочулардын документин текшерүү үчүн сыртта өзүнчө кабиналар ачылган, ал эми жүргүнчү катары бараткан жарандар үчүн 19 паспорттук көзөмөл коюлган.
Белгилей кетсек, учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргыз-казак чек арасы толук ачыла элек. Мындан улам "Ак-Жол" чек ара бекети чектөөлөрдүн негизинде иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0