4-апрелде веложүрүштөн улам Бишкектин түштүгүндө тыгын жаралышы ыктымал

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкетеги веложүрүш. Архив
Бишкетеги веложүрүш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Спорттук иш-чаранын катышуучулары Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барып, андан ары Түштүк магистралдан Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетишет.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ордо калаада 4-апрелде веложүрүш өтүп, ага байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитеттин билдирмеси боюнча, веложүрүштүн катышуучулары М. Гшлиессер көчөсүндө жайгашкан Ден соолук паркынын түндүк тарабына чогулуп, спорттук иш-чара 10:00дө башталат.
"Велосипедчендер Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнө чейин барып, андан ары Түштүк магистралдан Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетишет. Токтоналиев көчөсүнөн кайра Ден соолук паркына кайтышат. Ошентип велосипед менен жүрүшкө чыккандар 10 чакырым жолду басат", — деп жазылат маалыматта.
Спорттук иш-чаранын катышуучуларын Кайгуул милициянын үч автоунаасы жана Тез жардам кызматынын эки бригадасы коштой турганы айтылды. Жеринде 20 тартип сакчысы иштейт.
Мэрия веложүрүш маршрутунун бир бөлүгүндө айдоочулар үчүн кыймыл чектеле турганын эскертип, жол иш-чара бүтөрү менен толук ачыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0