04:11 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Коом
Кыскача шилтеме алуу
160 0 0

Буга чейин эки мамлекет 1-апрелден тартып эки өткөрүү жайын ачуу боюнча макулдашкан. Пандемияга байланыштуу бир гана өткөрүү пункту иштеп жаткан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрүү пунктуларынын иши жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

  • Церемония открытия КПП Кайтпас и Отукчу на границе КР и РУз
    Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрүү пунктуларынын иши жанданды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Церемония открытия КПП Кайтпас и Отукчу на границе КР и РУз
    Саамалык салтанаттуу түрдө белгиленген
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Церемония открытия КПП Кайтпас и Отукчу на границе КР и РУз
    Ага Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрүү пунктуларынын иши жанданды

Саамалык салтанаттуу түрдө белгиленген. Ага Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты.

"Бүгүндөн тарта эки өлкөнүн тургундары мамлекеттерге "Кайтпас" жана "Өтүкчү" жайлары аркылуу тоскоолдуксуз өтө алышат. Тагыраагы, жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды. Пандемияга байланыштуу "Кадамжай" өткөрүү пункту гана иштеп жаткан. Анда өзбек жарандары Сох районуна баруу үчүн 80 чакырым жолду басып өтсө, эми "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу жол алыстыгы 50 чакырымга кыскарат. Ошону менен катар "Кадамжайда" кыймыл жеңилдейт", — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 11-12-мартында эки мамлекет аталган чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларын ачууну макулдашкан.

Ал эми Баткен менен Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Тема боюнча

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркечтам" бекеттери убактылуу жабылат
Белгилер:
көзөмөл өткөрүү пункту, чек ара, Өзбекстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ