Эртең Бишкектин бир нече көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

© SputnikЭлектр жарыгын күйгүзүп жаткан адам. Архив
Электр жарыгын күйгүзүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Жума күнү энергетиктердин бригадасы жабдууларды жана трансформатордук подстанцияларды оңдоо менен алектенет.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Эртең, 2-апрелде, Бишкектин айрым көчөлөрүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Жарык өчө турган аймактардын тизмеси:
  • Саат 9:00дөн 12:00гө чейин — Бөкөнбаев көчөсүнүн бөлүгү;
  • 9:00-13:00 — Логвиненко көчөсүндөгү №59 үй;
  • 9:00-18:00 — Токтогул, Жаш Гвардия, Абдумомунов, Пушкин көчөлөрүнүн бөлүгү, Эркиндик проспекти, Арча-Бешик конушунун Алты-Түтүн, Эр Тайлак, Кривоносов, Күйүков, Чортеков, 19-линия, Садырбаев көчөлөрү, Ала-Арча конушунун Матисаков көчөсү, Чоң-Арык конушунун Семетей көчөсү;
  • 9:10-14:00 — Көк-Жар конушунун №3, 4, 5, 1/1, 19 үйлөрү;
  • 9:30-14:00 — Политехника, Таш-Көмүр, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүгү, Горном тар көчөсү;
  • 9:30-18:00 — Муса Жалил, Ялтинский, Пархоменко көчөлөрүнүн бөлүгү;
  • 9:30-18:30 — Жибек Жолу проспектинин Черкес тар көчөсүнөн Кантемиров көчөсүнө чейин, Дордой-2 конушу, Эне-Сай конушунун түндүк-чыгыш тарабы, Келечек конушунун чыгыш тарабы;
  • 12:00-15:00 — Киргизия-1 конушунун Восточный, Самойленко көчөлөрү;
  • 12:00-17:00 — Жантөшев, Ахунбаев, Бектенов, Руставели көчөлөрүнүн бөлүгү, Балхаш, Сум тар көчөлөрү;
  • 13:00-17:00 — Жибек Жолу көчөсүнүн №641 үйү;
  • 15:00-17:00 — Бронированный, Алтымышев, Бакаев, 7-8-9-линия көчөлөрүнүн бөлүгү, Волочаев тар көчөсү;
Жаңылыктар түрмөгү
0