"Коопсуз шаардын" айып пулуна макул эмессизби? Каякка кантип даттанса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-тур в Центр мониторинга ГУОБДД
Пресс-тур в Центр мониторинга ГУОБДД - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Айып пул туура эмес салынды деген күдүк ойдо калсаңыз эмне кылуу керектигин "Жол кыймылынын эрежелери" рубрикасынан окуңуздар.
"Коопсуз шаардын" ишине нааразы автоунаа ээлери Бишкекте четтен чыгат. Андай сын пикирлер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да айтылып калат. Алар айдоочулар үчүн шарттар түзүлбөгөнүнө, ал эми камералар "эл аралык стандарттарга жараша орнотулбаганына" нааразы.
Депутат Бактыбек Турусбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Депутат: айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат
"Жол кыймылынын эрежелери" рубрикасынын алкагында биз айып пул жөнсүз салынса кантип даттанууга болорун айтып берүүнү чечтик.

Кайда кайрылуу зарыл?

Мындай учурда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборуна кайрылган оң. Борбор баш калаада Горький көчөсү, 20 дарегиндеги имараттын биринчи кабатында жайгашкан. Айып пулдун туура эмес салынганын түшүндүрүп өтүнүч кат жазуу зарыл. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндөгү токтомдорго байланышкан маселелер боюнча (0312) 53-03-48, 53-03-89, 53-03-76 номурлары боюнча да кайрылсаңыз болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйып кагаздары
Доставка сотрудниками Кыргыз почтасы писем счастья за нарушение ПДД  в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айып кагаздары

Кандай документтер керек?

  • паспорт;
  • айдоочулук күбөлүк;
  • транспорттук каражаттын техпаспорту;
  • жазылган токтом менен кат.

Кайрылардан мурун эмнелерди билип алган дурус?

"Жөнсүз" айып пул туурасындагы кайрылуу жол кыймылын бузуу боюнча катты алган күндөн тарта 10 күн ичинде тапшырылышы керек.
Өтүнүч кат жазган киши автомобилдин кожоюну болууга тийиш же анын атынан ишеним кат алуусу абзел. Талаш жагдай 14 жумушчу күн аралыгында комиссиянын жыйынында каралышы кажет.
Өтүнүч кат кабыл алынгандан тарта азайтылган айып пул төлөө мөөнөтү убактылуу токтотулат. Эгер комиссия айдоочунун пайдасына чечим кабыл алса, айып пул жөнүндөгү токтом жокко чыгарылат. Антпесе токтом кайрадан ишке коюлуп, айдоочу дагы да айып пулдун жарымын төлөй алат. 

Комиссия кандай иштейт?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил Центр мониторинга ГУОБДД МВД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 700 млн. сомдон ашык каражат түшкөн

Өтүнүч катында жаран өз ишинин кароосунда катышууну каалап-каалабаганын көрсөтөт. Катышууну кааласа жыйын алдында ага убактысы жана ордун билдиришет.

Комиссиянын курамына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун кызматкерлери кирет. Алар талаш жараткан учурдун видеосун көрүп чыгып, айдоочунун дооматын тыңдаган соң гана чечим кабыл алышат.
Быйыл марттын башында комиссия "Коопсуз калаанын" камераларында катталган жол кыймылын бузуулар жөнүндөгү 7 777 иш каралган. Анын ичинен 2 043 токтом күчүндө калып, 5 734 иш ар кандай негиздөөлөр менен (670 материал ыктыярчыларга карата) токтотулду. Комиссиянын чечимдерине макул болбогон айдоочулар сотко кайрыла алат. 
© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы унаалар
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек шаарындагы унаалар

Бишкектик айдоочунун тажрыйбасы

Баш калаанын тургуну Уланга туташ чийинди кесип, каршы тилкеге чыкканы үчүн айып салынган. Бул өлчөмү 5 500 сомду түзгөн одоно эреже бузуу болуп саналат.
"Туура эмес айыпка жыгылдым деп эсептедим, анткени мен турган тилкеде башка унаа турган. Аны тоскоол катары карап, "бурулуу жарыгын" жандырып, каршы тилкеде машина жок экенин көргөн соң аны сол жагынан айланып өттүм. Жол тар, автону оң жактан айлануу мүмкүн эмес болчу", — дейт айдоочу.
Ал мониторинг борборуна кайрылып, ишин кароо боюнча өтүнүч кат жазган.
"Борборго өтүнүч кат жазып жатканыңда тийиштүү башкармалыктын кызматкери менен талаш маселени талдап алууга болот. Сага почта аркылуу сүрөт жиберишет, ал эми алардын колунда видеотасма бар. Алар аны бир нече ирет артка түрдүрүп, айып кимде экенин көрсөтө алышат. Менин жагдайымды карап чыгып кызматкер чындап эле талаштуу экенин айтты", — деп билдирет унаа ээси.
Унаасын 8 жыл мурун саткан кишиге жарым миллион сомдук айып кагазы келди. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2020
Унаасын 8 жыл мурун саткан кишиге жарым миллион сомдук айып кагазы келди. Видео
Улан өз иши каралган комиссия жыйынына катышкан.
"Жыйынга келдим, комиссия мүчөлөрү видеону көрүп, менин күнөөм экенин айтышты. Алдымда турган автоунаа токтотуучу жайдан чыгып, токтоп, бирок андан ары айдамак болгон. Алардын айтымында, мен ага жакын айдап келип, сигнал берип, күтүп туруп, эгер жылбаса, айланып өтүүм керек экен. Кесилишти биринчи болуп өткөндүктөн кырдаалды толук баалоого убактым болбогонун, себеби менин артымда да машиналар болгонун түшүндүрдүм. Тыгын жаратпоо үчүн алдыдагы автону айланып өтүүнү чечкем", — деп эскерет бишкектик айдоочу.
Комиссия мүчөлөрү ага жол кыймылы эрежелеринин айрым пункттары боюнча суроо беришкен.
"Эрежелердин бардык пункттарын жатка билүүгө милдеттүү эмес экенимди билдирдим. Жолдо өзүмдү кантип алып жүрүүнү, бардык белгилерди, тыгынга себеп болуп каларымды билген учурда тез чечим кабыл ала билишим керектигин айттым. Мен кабылган жагдайдагы принципиалдуу учур — машинаны токтобостон айланып өткөнүм, мында мен туура эмес кылгам. Мен токтоп, алдыдагы авто жылбай турганына толук ынанган соң гана аны айланып өтүшүм керек эле", — деп түшүндүрөт Улан.
Натыйжада комиссия башка эреже бузулбаганын эске алып, Уландын өтүнүчүн канааттандырган. Ошентип айып пул төлөөдөн кутулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0