Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучулар эки суткадан бери өтө албай турат. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖолдо турган жүк ташуучу уналар. Архив
Жолдо турган жүк ташуучу уналар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, жүк ташыган айдоочулар Казакстанга өтө албай, эки суткадан бери күтүп турушат. Бул боюнча Чек ара кызматы жооп берди.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайында жүк ташыган унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, жеринен видео тартып жиберди.
Анын айтымында, жүк ташыгандар эки суткадан бери өтө албай турушат.
"Эки суткадан бери казак тарапка өтө албай жатабыз. Катарга тизилген фуралардын аягы көрүнбөйт, беш чакырымга жетчүдөй. Эмнеге мындай болуп жатканын эч ким билбейт. Кесиптештерден сурасак бардык жакта эле ушундай көрүнүш болуп жатыптыр. Бийликтен жардам сурайбыз", — деди жүк ташуучулардын бири.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бул маселе боюнча УКМКга караштуу Чек ара кызматына кайрылды.
Төө-Ашуу ашуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Калың кар түшкөндүктөн бир нече ашуу бардык автоунаалар үчүн жабылды
"Кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу. Көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде, анын ичинде "Чалдыбарда" саат 16:30га карата 35 жүк ташуучу унаа турат. Бүгүн, 1-апрелде, транспорт каражаттарын өткөрүү жайлап калганы байкалды. Анын себептери Кыргызстан менен Казакстандын чек ара өкүлдөрү тарабынан такталып жатат", — дешти Чек ара кызматынан.
Маалыматта кыргыз тарап унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө койбогону белгиленди. Кыргыз-казак чек арасындагы башка бекеттерде унаалардын тыгыны жоктугу кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0