Бишкек — Ош жолунда кар жаап жатат. Министрлик айдоочуларга кайрылды

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогКар жаап жатат Бишкек — Ош жолунда
Кар жаап жатат Бишкек — Ош жолунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Жолчулар кар эритүүчү каражаттарды сээп жатышат. Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош жолуна кар жааганына байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга кайрылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогТөө-Ашуу жана Ала-Белде кар жаап, жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат
Төө-Ашуу жана Ала-Белде кар жаап, жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Төө-Ашуу жана Ала-Белде кар жаап, жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогТрассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган
Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган
1/2
Төө-Ашуу жана Ала-Белде кар жаап, жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат
2/2
Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган
Төө-Ашуу жана Ала-Белде кар жаап, жолчулар атайын каражаттарды сээп жатышат. Трассаны тазалоо жана унаалар өтүүчү бөлүгүн кеңейтүү үчүн атайын техника тартылган.
"Айдоочулар, жаныңарга тайгакта колдонулуучу чынжырларды алып жүргүлө. Тыгында каршы тилкеге чыкпагыла. Инерттүү материалдарды сээп иштеп жаткан жолчуларга, техникага тоскоолдук кылбоого чакырабыз. Жайкы дөңгөлөк тагылган унаа менен жолго чыкпаңыздар", — деп айтылат маалыматта.
Мындай чаралар айдоочулардын ашууда тыгындарга кабылып бир нече сааттап жолдо туруунун алдын алууга жардам берет.
Министрлик, ошондой эле, айдоочулардан унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоого жана таш кулоочу аймактарда сак болууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0