Көрсөңөр кабарлап койгула. Милиция 31 жаштагы сузактык аялды издеп жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАял көчөдө бара жатат. Архив
Аял көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Келиндин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сураган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Милиция Сузак районунун Жар-Кыштак айылынын тургуну 31 жаштагы Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болгондуктан ага издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан карабарлашты.
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиМилиция Сузак районунун Жар-Кыштак айылынын тургуну 31 жаштагы Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болгондуктан ага издөө салды
Пропавшая без вести Барнохан Махмутжан кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Милиция Сузак районунун Жар-Кыштак айылынын тургуну 31 жаштагы Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болгондуктан ага издөө салды
"Махмутжан кызы Барнохан 21-март күнү саат 16:00дөр чамасында өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Ак жоолукчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Ноокенде 33 жаштагы келин эки айдан бери изделүүдө
Аялдын бою 165-170 сантиметр, өңү кара тору, кашы-көзү, чачы кара, көк түстөгү узун халатчан, күрөң түстөгү жеңи жок чапанчан, кара шымчан, бутунда кепич болгон. Маалыматта II топтогу майып деп жазылып жүрөт.
Милиция издеп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50 телефон номерлерине чалууну өтүнгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0