Көбөйүп жатат. Өткөн суткада коронавирус 164 адамдан табылды

© AP Photo / Francois MoriМедициналык кызматкер ооруканада
Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Учурда стационарда 504 бейтап медициналык жардам алууда. Андан сырткары, 688 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5 177 ПЦР-тест жасалган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, 88 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 97;
  • Чүй облусу — 51;
  • Ысык-Көл — 8;
  • Ош шаары — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Нарын облусу — 2.
Ош, Талас жана Баткен облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган эмес. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 88 538 киши коронавирус менен ооруган. Анын ичинен дартты 84 897 бейтап жеңген.
Өткөн суткада Бишкекте бир адам каза тапкан. Аны кошкондо өлкөдө өлүм учурларынын саны 1 500гө жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек — 46;
  • Чүй облусу — 32;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 3;
  • Ош шаары — 3.
Учурда стационарда 504 бейтап медициналык жардам алууда. Андан сырткары, 688 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5177 ПЦР-тест жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0