Күн жылыйбы? Апрель айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте гүл ачып жаткан жоогазындар. Архив
Бишкекте гүл ачып жаткан жоогазындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Синоптиктердин божомолуна караганда, апрелде өлкө боюнча абанын температурасы негизинен климаттык норманын чегинде болот. Бирок Кыргызстандын кээ бир жерлеринде кайсы бир учурда аба ырайы кескин өзгөрүшү ыктымал.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет апрель айына аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын апрелдеги Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в апреле 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын апрелдеги Кыргызстанда орточо айлык температурасы
Бул айда өлкө боюнча абанын температурасы климаттык норманын чегинде болору айтылууда. Бирок Кыргызстандын кээ бир жерлеринде кайсы бир учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болору божомолдонуп жатат.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын апрелдеги Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в апреле 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын апрелдеги Кыргызстанда орточо айлык жаан-чачыны

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, 11…13 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустан 8…13 градус жылуулукка чейин, күндүз 13…18ден 23…28ге чейин жылуу болот. Бирок кээ бир күндөрү абанын табы төмөндөп, 4…9 гана градус жылуу болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градуска жылыйт.
Анткен менен айрым учурда өрөөндөрдө -1...-3, тоо этектеринде -3...-5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Тоодогу жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
39 жылкы, 26 топоз жетпейт. Ала-Арча паркында мыйзам бузуу аныкталды
Талас облусу
Таласта орточо температура климаттык нормадан 1 градус жогору болот. Күндүз 13…18ден 22…27 градуска чейин жылыйт. Бирок кээ бир күндөрү +7…+12 градуска чейин төмөндөп, ал тургай айрым жерлерде -2...-4 градуска чейин жетип, үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүктө абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болору божомолдонууда.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 8…13 градуска чейин, күндүз 11…16дан 18…23 градуска чейин жылуу болот. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0...-2 градуска чейин, тоо этектеринде -2...-4кө чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Талас районундагы дарыянын жээгиндеги киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Блогерлер өлкө жаратылышынын кооздугун даңазалаган челлендж баштады. Видео
Ысык-Көл облусу
Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 3…8 градус жылуу болуп, күндүз эң жогору дегенде +20 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору күтүлүп жатат.

Нарын облусу

Башка облустар сыяктуу эле Нарында дагы абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. Күндүз 7…12ден 18…23 градуска чейин ысыйт.
Айрым учурларда +1…+6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0