Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган жолдошу тилчи Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаровдун сүрөтү 1960-жылдары Фрунзе шаарында тартылган.

Ал жылдары Бектенов камактан чыгып толук реабилитацияланып, Карасаев акырындык менен жогорку окуу жайда сабак берип, мурун улутчул делип куугунтукталган Юдахин илимий чөйрөгө аралаша баштаган.

Зияш Бектенов көзү тирүү кезинде жараткан "Замандаштарым жөнүндө эскерүү" эмгегинде устаты Юдахин жөнүндө буларды жазган.

"Кузьмич (Константин Юдахин — ред.) бардык студенттерди өзү кабыл алган. Өз колу менен тизме түзүп, алар менен таанышып, ар биринин үй-бүлөлүк абалын, ден соолугун сурап таанышчу. Ошондуктан ал ар бир студентти көрөрү менен таанып, ар бирин атынан атап "Карагым Азым, карагым Ташым, карагым Узак, карагым Сулайман, карагым Султаш, карагым Мукай!" дечү", — деп жазган Бектенов.

Юдахиндин балалыгы Казакстандын азыркы Жамбыл облусунда өткөндүктөн казак, кыргыз тилдерин жакшы билген. "Карагым" сөзүн казакчадан кыргызчага которгондо "айланайын", "кагылайын" деген маанини билдирип, эркелетүү иретинде колдонулат.

Ал эми Тажым Байжиевдин уулу драматург Мар Байжиев атасынын агайы жөнүндө буларды айтып берди.

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Айтматов жана залкар актрисалар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт
"Константин Кузьмичтин кыргыз-орус сөздүгүн даярдап чыгуусуна окуучусу Кусейин Карасаев бир топ жардам берип, кийин анын айылына чейин конокко барган. Менин атам жана Зыяш ата 8-класстын окуучулары үчүн жазган китеби 1949-жылы жарыкка чыккан. Аны мугалимдер абдан жакшы кабыл алып, үйгө бир мүшөктөй кат келген. Авторлор өз автографтарын коюп чоңдорго китептерин жөнөтчү. Бир китепке "Бул китеп кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Константин Кузьмичке!" деп жазылган эле. Ал китеп менде азыркыга чейин сакталып жүрөт. Юдахин өзү чындыкты бетке айткан, акыйкатты сүйгөн адам болгон. Мен студент кезимде бир жыйынга катышып калып ал кишинин окумуштууларга сүйлөгөн сөзүн угуп таң калгам. Анда кесиптештерине "китеп эптеп-септеп жазылган, мындайыңарды токтоткула" деп авторлорго ачык айткан. Сүрөттөгү инсандар өз убагында куугунтукталып камалып, ишсиз да калган. Алар башынан өткөргөн кыйынчылыктарына карабай бири-бири менен жакшы катышчу", — деди Байжиев.

Юдахин 1925-жылы борбор калаада жаңы ачылган Кыргыз агартуу институтунун (педтехникум) биринчи директору болуп дайындалып, кыргыз адабиятчы, жазуучулардын биринчи муунун тарбиялап чыккан. Алардын арасында Кусейин Карасаев, Тажым Байжиев, Зияш Бектенов өңдүү бир топ дилгир студенттер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0