Төрт күндүк иш тартиби кирсе кандай болору изилденди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүУдаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса
Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Дүйнөдө көпчүлүк эл жумасына беш жумуш күндүк стереотип менен жашашат. Бирок айрым тажрыйбалар бул түшүнүктү өзгөртүү мезгили келгенин көрсөтүүдө.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Microsoft уюмунун Япониядагы бөлүмү аптасына төрт күндүк иш тартиби менен өндүрүштү 39,9 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу "Популярная механика" маалымат булагы жазып чыкты.
Microsoft Japan эксперимент катары маянаны жана жылдык эмгек өргүүгө берилүүчү акыны ордунда калтыруу менен апталык жумуш күндү кыскарткан.
"Азыраак иштеп, жакшы эс алгыла жана окугула. Жашоо максатын аныктоого жана ишиңизге таасир эте турган чөйрөнү түзүү зарыл. Мен кызматкерлерден жумуш убактысы 20 пайызга кыскарса деле ошол эле натыйжаларга жетишүүгө аракет кылышын каалайм", — деген Microsoft Japan уюмунун президенти жана аткаруучу директору Такуя Хирано.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Апрелде кыргызстандыктар майрамдын эсебинен канча күн эс алат
Жыйынтыгында кызматкерлер убакытты натыйжалуу пайдалана башташкан. Ишкана эң оболу узакка созулуучу кеңешмелерди жана көчмө жолугушууларды кыскарткан. Эмгек өндүрүшүнөн сырткары башка көрсөткүчтөр да жакшырган. Маселен, электр энергиясын колдонуу 23,1 пайызга азайса, ошондой эле документтерди басып чыгаруу 58,7 пайызга кыскарган. Компания жетекчилиги жана кызматкерлердин 92,1 пайызы бул тажрыйбага канааттанганын билдирген.
Бул алгачкы ирет көрүлгөн тажрыйба эмес. Порталдын белгилешинче, үч жыл мурда жаңы зеландиялык Perpetual Guardian компаниясы аптасына эки күндүк иш тартибин киргизип, эки ай иштегенден кийин өндүрүш 20 пайызга өскөн. "Популярная механика" жумуш күнүн кыскартуу менен жакшы натыйжага жеткен дагы көптөгөн мекемелер болгонун белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0