Акча жана жеке маалыматтарды киберкылмышкерлерден кантип коргоо керек. Кеңештер

© Фото / Pixabay/ mmamontovНоутбук жана телефон. Архив
Ноутбук жана телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Адистердин айтымында, бейтааныш номерден "коопсуз" эсепке акча которуу сунушу боюнча чалуулар, лотереядан күтүлбөгөн жерден утуп алгандыгыңыз жөнүндөгү билдирүүлөр шек жаратышы мүмкүн.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Алыста туруп кызмат көрсөткөндөргө суроо-талаптын өсүшү менен маалыматтык технологиялар жаатындагы көз боёмочулар да көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новостиге Москва облусунун Аймактык коопсуздук башкы башкармалыгынын адистери билдиришти.
Эксперттер каржылык алдамчылыктын негизги белгилерин аныкташкан. Алардын айтымында, шектенүүнү бейтааныш номерден "коопсуз" эсепке акча которуу сунушу боюнча чалуулар, топтолгон каражатты "пайдалуу" инвестициялоо сунушу, ошондой эле лотереядан күтүлбөгөн жерден утуп алгандыгыңыз жөнүндөгү билдирүүлөр жаратышы мүмкүн.
"Эгер сизге өздөрү чалып жатса кооптонуу керек. Маселен, бейтааныш бирөө эле SMS жиберип, электрондук почтага кат жазып же мессенджерге билдирүү жөнөтүшү мүмкүн. Алар өздөрүн банктын, полициянын же дүкөндүн кызматкери катары чалышы ыктымал. Алдоо жолдорунун бардыгы акча менен байланышып, мүмкүн болушунча кардар үчүн пайдалуу сунуш айтып жаткандарына ишендиришет. Шылуундар мындай учурда сизди шаштырып, аз убакыт эле сүйлөшкүсү келет. Мунун өзү эле шек жаратат. Ошондуктан сиздин ой-пикириңизди укпай эле психологиялык басым жасагандар болсо сүйлөшүүнү токтотуп салыңыз", — деген адистер.

Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрайымы Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Радио
IT-адис: интернетке жеке маалыматтарды бөлүшүп, мактанбаш керек
Ошондой эле алдамчылар жабырлануучуларга күтүлбөгөн маалыматтарды айтышат. Маселен, лотереяда жеңүүчү болгонуңузду, акчанын бардыгын алуу үчүн бир аз каражат которушуңуз керектигин билдирет.
"Ал акчаны салуу үчүн бир сайтка банктык картаңыздын маалыматын киргизиңиз деп айтышы мүмкүн. Банктын кызматкери эч убакта картанын жашыруун реквизиттерин, ПИН-кодун жана сыр сөзүн сурабайт", — деген эксперттер.
Адистер шылуундар гана банктык эсептердеги акчанын "ачкычын" табууга аракет кылышарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0