Невролог баштын тегеренүүсү кайсы учурда кооптуу экенин айтып берди

© Фото / Pixabay / Felix HuГоловокружение. Проблемы со здоровьем
Головокружение. Проблемы со здоровьем - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, дароо тура калганда кыска убакытка баш айлануу кооптуу эмес. Бул убакта организм дененин шарт кылган кыймылына ыңгайлашкыча убакыт кетип, баш айлануу болот.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Баштын айлануусу организмдеги ар кандай көйгөйлөрдөн кабар бериши мүмкүн. Ал эмнеге байланыштуу жана кайсы учурда дарыгерге кайрылуу керек экенин Sputnik радиосунун эфиринде невролог жана нейрофизиолог Александр Будик айтып берди. 
Адистин пикиринде, дароо тура калганда кыска убакытка баштын айланып кетиши кооптуу эмес. Бул убакта организм дененин шарт кылган кыймылына ыңгайлашкыча убакыт кетип, баш айлануу болот. Себеби ошол мезгилде жүрөк кайрадан мээге кан жеткирүүгө аракет кылып, организм бир аз кыйнала түшөт.
"Ал эми баш менен кошо дене боюң тегеренип жаткандай сезилип, маалыматты мээ мурдагыдай кечиктирип кабыл алып жатканы байкалса дароо неврологго кайрылуу керек", — деди адис.
Ошондой эле Будик баштын айлануусу өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон учурларды санап берди.
"Эгер баш тегеренүү менен бирге дене табы көтөрүлсө, адамдын кускусу келсе, кол менен буттардын кыймылы бузулуп, алсыроо пайда болсо тез жардам чакыруу зарыл", — деди невролог.
Мындан тышкары, башы айланып жаткан адам бетинин симметриясын байкап турушу керек. 
Жаңылыктар түрмөгү
0