Ленин районунун мурдагы акими Чыныбаев үй камагына чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Ленин районунун мурадгы акими Чынасыл Чыныбаев. Архив
Бишкек шаарынын Ленин районунун мурадгы акими Чынасыл Чыныбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Кечээ УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын кармаган. Көп өтпөй шаардык мэрия Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевди кызматтан алган.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди.
29-марттагы райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык, мурдагы акимге карата үй камагына чыгаруу боюнча бөгөт чарасы тандалып, 28-майга чейин деп белгиленген.
Өзүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган киши менен анын шериги кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Милиционердин атын жамынып ишкерди коркуткандар кармалды. Сүрөт
Кечээ УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерге бюджеттик акчаны берген деп кармаган. Акимдин аты-жөнү Ч.Ч. деген инициал менен берилген.
Ушул эле күнү Бишкек шаардык мэриясы Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мелис Өксөмбаев дайындалганын кабарлаган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0