Министрлик коронавируска каршы канча киши эмделгенин айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМедициналык кызматкер Бишкекте COVID-19 оорусуна каршы Синофарм вакцинасын алды
Медициналык кызматкер Бишкекте COVID-19 оорусуна каршы Синофарм вакцинасын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Акматова эмделгендердин, анын ичинде вакцинаны биринчилерден болуп алган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын бир күндө 100 адам алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 42 адам эмделген. Анын ичинен 40 медик, бир педагог жана 65 жаштан ашкан бир улгайган адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышкан.
Чүй облусунда 30 киши эмделсе, анын 29у медик, бирөө улгайган киши. Ошто вакцина 28 ак халатчанга жасалган.
Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Коронавируска каршы эмдөө Ошто да башталды. Сүрөттөр
Акматова эмделгендердин, анын ичинде вакцинаны биринчилерден болуп алган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.
Эске салсак, 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкысы болуп түз эфирде Бейшеналиев өзү эмделген. Жалпысынан препараттын 150 миң дозасы алынган, биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0