06:46 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2711)
203 0 0

Вице-мэр ордо калаада эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштагандыктан муниципалитет соода борборлоруна чектөө киргизгенин белгиледи.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 1-апрелден тарта Бишкекте соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ордо калаада эпидемиологиялык абал начарлап жатат, мындан улам убактылуу чараларды киргизүүгө туура келет. Ал кечээ Бишкекте 53 адамдан коронавирус табылганын кошумчалаган.

"Соода борборлорундагы балдар аянтчалары азырынча эки жумага жабылат. Анткени бөбөктөрдүн ден соолугуна кабатыр болуп жатабыз. Андан кийин эпидемиологиялык кырдаал жакшырып кетет деген үмүт бар. Абал жакшырганда балдар аянтчаларын ачууга кайрадан уруксат беребиз", — деди ал.

Вице-мэр муниципалитет шаардыктарды санитардык талаптарды аткарууга чакырып жатканын белгиледи.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2711)

Тема боюнча

Новиков дары-дармектин кымбатташына эки фактор таасир этип жатканын айтты
Нурматов: "британиялык" штаммдын Кыргызстанда бар-жогун тактай албайбыз
Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректер
Белгилер:
чектөө, балдар, соода борбору, Айжан Чыныбаева, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ