Ноокат шаарына таза суу киргизүү үчүн чет жактан 4,8 млн. евро алынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблема питьевой воды в Нарыне
Проблема питьевой воды в Нарыне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Насыяны Ноокат шаардык мэриясы жана Суу канал ишканасы төлөйт. Бул үчүн тарифке 2025-жылга чейин бир сомдон кошулат.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат шаарында жашаган 10 миңден ашуун тургунду ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4,8 миллион евро алынууда. Аталган макулдашуунун долбоору парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин кароосуна киргизилди.
Долбоор "Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо" деп аталат. Анын максаты Ноокат шаары жана ага жакын жайгашкан Фрунзе, Чапаев айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо боюнча жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Кыргыз өкмөтү COVID менен күрөшүү үчүн чет жактан 17 млн. доллар алат
Макулдашылган сумманын 2,2 миллион евросу кредит, 2,2 миллион евросу грант, ал эми 600 миң евросу Япония өкмөтү тарабынан техникалык грант түрүндө берилет. Насыянын жалпы мөөнөтү 15 жыл, анын ичинен жеңилдетилген мөөнөтү — төрт жыл.
Насыяны төлөө милдети Ноокат шаардык мэриясына жана Суу канал ишканасына жүктөлөт. Бул үчүн тарифтерге 2025-жылга чейин жылына бир сомдон кошулуп турат. Учурда шаарда таза суунун бир куб метри жеке жактарга 20 сом, юридикалык тараптарга 60 сом экени маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0