Россиянын шаарларына жана Үрүмчү, Алматыга ачылган каттамдар кайра токтотулду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Керектүү маалыматтарды жана расписаниени "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Avia Traffic авиакомпаниясы Россиянын шаарларына ачкан каттамын кайрадан токтотту.
"Манас" эл аралык аэропорту мунун себеби эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
Абага көтөрүлүп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
"Манас" аэропорту Россияга авиабилеттин кымбаттаган себептерин атады
Аны менен катар China Southern Airlines компаниясы Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамын токтоткон.
Air Astana дагы Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча убактылуу учпай турган болду.
Керектүү маалыматтарды жана каттамдардын расписаниесин "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат.
Ошондой эле аэропорт билет сатуу жана аны жөнгө салуу иштери менен алектенбей турганын эскертти.
Бүгүн эртең менен Россия жана башка алты өлкөгө авиакаттамдар көбөйтүлгөнү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0