"Коопсуздук-2021" машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР"Коопсуздук-2021" командалык-штабдык машыгууларгар. Архив
Коопсуздук-2021 командалык-штабдык машыгууларгар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүүчү иш-чарага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкери катышып, 100дөн ашуун аскердик техника тартылат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 1-3-апрель күндөрү өтүүчү "Коопсуздук-2021" аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышат. 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылары айтылды.
"Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блокпосттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.
Машыгуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралбайт. Милиция машыгуу мезгилинде кооптонууга негиз жок экенин белгилеп, элди коомдук тартипти сактоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0