Бишкектин алты көчөсүндө оңдоо иштери башталып, жолдор жабылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Мэриядан эскертишкендей, апрелдин башында бул көчөлөр жарым-жартылай жабылат. Ал эми бир жумадан кийин толук чектөө киргизилет.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте 1-апрелден тарта беш көчөдө жана Мурас-Ордо конушунун кире беришинде оңдоо иштери башталат. Көпүрө куруу дагы пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул иштер "Бишкек шаарынын көчө жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында аткарылып жатат.
Көчөлөрдүн тизмеси:
  • Карасаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү;
  • Логвиненко көчөсүнүн Фрунзеден Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү;
  • Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесовдон Ак-Тилек конушундагы Дзержинский көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Култегин көчөсүнүн Гидростроители көчөсүнөн Энесай конушундагы Энесай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Дзержинский көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Баялиновго чейинки бөлүгү;
  • Мурас-Ордо конушунун кире беришиндеги участогунун Озерное айылынан Мурас-Ордо конушуна чейинки бөлүгү.
Ал эми көпүрө Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсүндөгү Кичи Чүй каналына курулат.
Мэриядан эскертишкендей, жамгырдан улам 1-апрелден тарта бул көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Ал эми 7-апрелден тарта толугу менен жабылат.
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке кандай чектөөлөр киргизилет
Марттын орто ченинен тарта Бишкектин 14 көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун экинчи фазасы эки жылга ылайыкталган. Бул убакыт аралыгында беш көпүрө куруп, жалпы узундугу 70 чакырымга жеткен 60 көчөнү оңдоо пландалып жатат. Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип же кайрадан курулат. Ошондой эле тротуарлар менен ирригациялык система пайда болот.
Каражатты Кытай өкмөтү грант түрүндө бөлгөн. Подрядчы — кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы.
Жаңылыктар түрмөгү
0