Коронавируска каршы эмдөө Ошто да башталды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшОш шаарында коронавируска каршы эмдөө учурунда
Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Алгач эмдөөдөн медицина кызматкерлери, мугалимдер, укук коргоо органдарында иштегендер өтмөкчү.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен.
© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшБүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды
Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды
© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшПрепарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/4
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен
© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшАталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет - Sputnik Кыргызстан
3/4
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет
© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшМондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи
Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи
1/4
Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды
2/4
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен
3/4
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет
4/4
Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет. Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи.
"Ош шаарында биринчилерден болуп вакцинаны Санэпидемстанциянын жетекчиси, саламаттык сактоо боюнча калаанын координатору жана орун басарлары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчылары алышты. Ар бири текшерилип, алгач аңгемелешүү жүрдү", — деп айтылат маалыматта.
Ыктыярдуу түрдө жасалган вакцинациянын экинчи этабы 25-28 күндүн ичинде ишке ашышы керек.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн эмдөөдөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана бир катар медиктер өтүштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0