Бишкекке Россиянын дагы 4 шаарынан авиакаттам ачылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр аэропортто траптан түшүп жатат. Архив
Жүргүнчүлөр аэропортто траптан түшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Кыргызстан менен болгон каттамдардын көбөйтүлүшү жазгы-жайкы сезондун ачылышына байланыштуу экени айтылат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз тарап "Норд Винт" авиакомпаниясы менен чертердик каттамдарды уюштурууга макулдашкан. Жаңы авиакаттамдар төмөнкү багыттар боюнча аткарылат:
  • Казань — Бишкек — Казань;
  • Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород;
  • Самара — Бишкек — Самара;
  • Пермь — Бишкек — Пермь;
Авиакомпания аталган шаарларга жумасына бир жолудан учуп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0