"Түндүк электр" Бишкекте карызы бар 8,1 миң абоненттин жарыгын өчүрө баштады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлекр эсептегичи. Архив
Элекр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Карыздар тууралуу 1209 күнү-түнү иштөөчү колл-борборго чалып же (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине жазып билүүгө болот.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы бүгүн Бишкекте карызы бар 8,1 миң абоненттин жарыгын өчүрүү иштерин баштайт. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Электр энергиясы акылдуу эсептегичтин жардамы менен аралыктан эле өчүрүлөрү айтылды. Мындан улам "Түндүк электр" бересеси бар абонентерге кайрылып, убагында төлөөгө чакырды.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Кыргызстан менен Өзбекстан керектүү учурда электр энергиясын алмашат
Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн компаниянын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм каралган. Баары каалаган убакта кирип карызын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондой эле 1209 күнү-түнү иштөөчү колл-борборго чалып же (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине жазып биле алышат.
Электр энергиясы үчүн төлөмдөр Quickpay, Pay24, UMAI, KICB жана "БТА Банктын" терминалдары жана UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле "Айыл Банк", ДосКредобанк", БТА Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассасынан төлөөгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0