Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмделди. Видео

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Sinopharm ("Синофарм") — коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар чет элдик мамлекеттер да жактырган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмделди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан Sinoрharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинип, 29-марттан тарта эмдөө башталды. Аны алгачкылардан болуп министр алып, артынан эле башка медиктер дагы эмделишкен.
Биринчи этапта вакцина Тез жардам кызматында, "кызыл" зонада иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болчу медиктерге, ошондой эле мугалимдер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине сайылары айтылган.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Кыргызстанга Россиянын "Спутник V" вакцинасы май-июнь айларында келет
Sinopharm ("Синофарм") — коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар чет элдик мамлекеттер да жактырган.
Препарат активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) коронавирустун негизинде жасалганы маалым. Бул — вакцина жаратуудагы эң ынанымдуу ыкмалардын бири. Буга дейре ушул эле технология боюнча, маселен, дифтерияга, В түрүндөгү гепатитке, полиомиелитке жана көк жөтөлгө (коклюш) каршы вакциналар чыгарылган.
Аталган препарат менен 65 өлкөдөгү 12 миллиондон ашык киши эмделди.
Жаңылыктар түрмөгү
0