КРде микрокредит алгандардын саны дагы көбөйдү. Эл акчаны эмнеге жумшайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял лупа аркылуу беш миң сомдук купюраны карап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял лупа аркылуу беш миң сомдук купюраны карап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Кредиттин мындай түрүн алгандар каражатты көбүнесе айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө сарпташат. Ошондой эле керектөөчүлүк жана соода кылуу үчүн насыя алгандар көп.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 13,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"2020-жылдын январь-декабрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 707 миң адамга 31,1 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга, каражаттын көлөмү 3,2 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Кыргызстандыктар лизингге кандай мүлктөрдү алышат? Статистика
Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 21,8 пайызы) жана Жалал-Абад (15,7 пайызы) облустарынын, Бишкек шаарынын (15,6 пайызы), ошондой эле Чүй облусунун (13,4 пайызы) тургундарына берилген.
Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,6 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (28,2 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (10,4 пайыз) чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0