Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / FREDERIC J. BROWNКиши жамгыр учурунда кол чатыр менен. Архив
Киши жамгыр учурунда кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
29-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, кээ бир райондордо нөшөр төгүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 ал эми Нарын аймагында -1...+4 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +4...+6 жана Ош калаасында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0