Кошуна аял эмизип... Кыргыз кардиологиясынын атасы Миррахимов жөнүндө 9 факты

© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваДоктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов
Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Бүгүн ата мекендик медицинанын башында туруп, өзүнүн кесипкөйлүгү менен дүйнө жүзүнө таанылган кардиолог Мирсаид Миррахимовдун туулган күнү.
Өмүрүн элдин саламаттыгына арнап, бир топ эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерди багындырган окумуштуунун көзү тирүү болгондо быйыл 94 жашка толмок. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу академик жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты
Илимге талпынган студент. Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. Жаңы төрөлгөндө энесинин эмчегинен сүт чыкпай калгандыктан кошуна жашаган аялдын сүтүн эмип чоңойгон. Болочоктогу атактуу дарыгер аны өзүнүн экинчи энеси катары көрүп, сый-урмат көрсөтүп келгени айтылат. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, аны 21 жашында артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Эмгек жолун ошол ЖОЖдо ассистент болуп баштап, 25 жашында кандидаттыгын жактап, 38 жашында Ленинград шаарында Физиология институтунда илимдин доктору болгонго жетишкен.
Миррахимов Фрунзедеги ооруканада иштеп, устаттарынан көп нерсени үйрөнүп жүрүп ооруп, сокур ичегисин алдырат. Ошондо жаш кесиптештеринин шалаакылыгынан улам үч жолу операциялык столго жатып, араңдан зорго бутуна турган жайы бар. 
Жүрөк-кан тамыр ооруларына тынчсызданып... Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Кыргызстанда өлүмгө, майыптыкка алып барган илдеттердин ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда эле. Мындай көрсөткүчтөн улам Миррахимов алгачкылардан болуп коңгуроо кагып, адистештирилген кардиологиялык кызмат түзүү зарылчылыгын айтып чыккан. Ошентип 1963-жылы 15 союздук республиканын ичинен биринчилерден болуп Фрунзеде 60 бейтапка ылайыкталган кардиология бөлүмү ачылат. Андан кийин 1977-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин токтомунун негизинде Кардиология илимий-изилдөө институту өз ишин баштаган.
Тоолуктардын ден соолугуна кам көргөн изилдөөчү. Дарыгердин демилгеси менен 1965-жылы СССРде биринчилерден болуп Кыргызстанда бийик тоолуу аймакта бейтапкана ачылган. Өзгөчөлөнгөн оорукана деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктиктеги Төө-Ашууда жайгашып, 30 орунга ылайыкташкан. Анда бийик тоолуу климаттын ден соолукка тийгизген таасири боюнча илимий изилдөө иштери жүргөн. Бул жерде аллергиялык, респиратордук, анемия илдеттери менен жабыркаган миңдеген адамдар дарыланган. 
Дүйнөлүк илим жана Миррахимов. 1970-жылдары дүйнөлүк масштабда адамды биологиялык жактан изилдөөгө багытталган программа ишке ашкан. Ага дүйнөнүн 80 өлкөсүнүн окумуштуулары катышып, СССРдин атынан адам көйгөйлөрү жана бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуу боюнча изилдөө тобун Мирсаид Миррахимов жетектеп барган. Ал жылдары академик бейтаптарды дарылап, изилдөө иштерин байма-бай жүргүзүп турган.
"Миррахимовдун оорусу". Медицина илимдеринин доктору 1971-жылы бийик тоодогу өпкө гипертония оорусу жөнүндө жазып чыккан. Автор анда бул илдетке кеңири мүнөздөмө берген. Бара-бара убакыт өткөндөн кийин бул илдет эл арасында "Миррахимовдун оорусу" деп аталып калган. 
Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын жолун улап, алгачкылардан болуп окуучулар үчүн бир нече китеп жазып, өмүрүн билим берүүгө арнаган Ташым Байжиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Балдарын көрүүнү эңсеп жүрүп түрмөдө көз жумган. Ташым Байжиев жөнүндө 9 факты
Космонавттарды изилдөөгө катышкан. Академик СССР курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп бийик тоодо өпкө менен мээнин көөп чыккан шишик оорусу жана бул оор илдеттерди аныктоо, айыктыруу боюнча эмгек жазган. Ага чейин 1913-жылы чилилик дарыгер, 1937-жылы перулук изилдөөчү өз эмгектерин жарыялашкан. Бул багыттагы изилдөөлөрү үчүн Миррахимов Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Андан сырткары, СССР окумуштуулары Ысык-Көлдө советтик космонавттарга изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анда аларды ачык космоско чыгууга даярдоо, кайра учуп келгендерди реабилитациялоо иштерине Миррахимов да катышкан.
Жүздөн ашык окумуштуунун устаты. Чет мамлекеттерде илимий иш-чараларга көп баргандыктан 45 жашында англис тилин үйрөнөт. Сыртка чыкканда  сөзсүз жанына сөздүк ала жүрчү экен. Медицина илимдеринин доктору 60 жылдай иштеп, 700дөй илимий эмгек, 20га жакын ойлоп табууну иштеп чыккан. Аны менен биргеликте Миррахимов 100дөн ашык илимдин докторун жана кандидаттарын тарбиялаган. Эң кызыгы, өзү докторлугун жактай электе эле илимдин алты кандидатын даярдап үлгүргөн. Азыр окумуштуунун 100дөн ашык шакирти өлкөнүн медицина тармагында эмгектенип, жазган китептери азыркыга чейин окулуп келет. 
© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваКесипкөйлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырбаган академик Кыргыз ССРинин биринчи катчысы, Министрлер кеңешинин, Жогорку Советинин президиумунун төрагаларын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду өз көзөмөлүнө алып дарылаган
Доктор медицинских наук, профессор Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кесипкөйлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырбаган академик Кыргыз ССРинин биринчи катчысы, Министрлер кеңешинин, Жогорку Советинин президиумунун төрагаларын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду өз көзөмөлүнө алып дарылаган
Эл башында тургандарды дарылаган. Кесипкөйлүгү жагынан эч кимди алдыга салдырбаган академик Кыргыз ССРинин биринчи катчысы, Министрлер кеңешинин, Жогорку Советинин президиумунун төрагаларын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду өз көзөмөлүнө алып дарылаган. Айрым учурда өлкөнүн биринчи адамдары Москвага дарыланууга барганда, ал жактагы кардиологдор убакыт, каражат коротпой эле Борбор Азиядагы эң күчтүү Миррахимовдун көзөмөлүндө болууну сунушташчу.
Медиктердин атасы. СССРдин медицина илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү шахмат ойногонду жакшы көргөн, бош убактысында чакан жер тилкедеги чарбалык иштерди жасаганда эс алып калчу. Илимпоз аялы Неля Юсупова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Алардын бардыгы тең ата жолун улаган медиктер. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2008-жылы 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. 
Материалды даярдоодо Миррахимовдун шакирттеринин эмгектери, эскерүүлөрү колдонулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0